Лейлек районунун аймагындагы күйүүчү май ташуучу унаалар боюнча УКМК түшүндүрмө берди
27-августта Лейлек районунун Кулунду аймагында күйүүчү май ташыган унаалардын "эркин" кыймылы жөнүндө тараган видеодо белгиленген күйүүчү май ташуучу унаалар "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна таандык болгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аталган унаалар Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Кайрагач бөлүгүндө тиешелүү түрдө нефть өндүрүү боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан. Буга ылайык, өндүрүлгөн мунайды ташуу максатында аталган ишкананын унаа калонналары Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Жаңы-Жер, Лейлек аймактарына каттап жүрүп турушат.
"Белгилей кетсек, учурда жалпы Лейлек районунун төмөнкү зонасында 12 май куюучу станция иштейт (Кулунда зонасы - 11, Аркинск зонасында - 1), бул күйүүчү жана майлоочу майлар жергиликтүү калктын муктаждыктары үчүн Ош жана Бишкек шаарларынан күйүүчү май ташуучу унаалар менен да жеткирилет. Каттап жаткан күйүүчү май ташуучу унаалардын негизинде Лейлек районунун аймагында ири өлчөмдө күйүүчү-майлоочу май ташылып жатат делген жаңылыш деп эсептелинет", - деп жазылат маалыматта.




1 |