Улукбек Марипов көмүр өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көмүр өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
"Урматтуу көмүр өнөр жайынын кызматкерлери, кымбаттуу ардагерлер. Министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Шахтёрлор күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздер тандаган кесип эмгекчил адамдын мүнөзүн, рухун жана кадыр-баркын чыңдап, аны менен сыймыктануу сезимин жаратып, шахтёрлор династиясынын муундан муунга өтүп келе жаткан чыныгы бир туугандык салттарын калыптандырат.
Республикабызда көмүр өнөр жайынын кызматкерлеринин эмгеги татыктуу бааланып жана урматталып келет. Бул чындыгында эле эмгекчил, күчтүү, кайратман жана аларга таянууга мүмкүн болгон адамдардын майрамы", - деп жазылган маалыматта.
Андан сырткары Марипов өлкөдө көмүр казуу өнөр жайы туруктуу өнүгүү жолунда экенин белгилеп, көмүр казып алуу көрсөткүчүнүн көлөмү жылына дээрлик 2 миллион 500 миң тоннага жеткендигин атап өткөн.

