super.kg logo

"Көп убакыттан бери операция жасата албай жүргөм". Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ооруканадан кайрылуу жасады

 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жүрөгүнө операция жасалып, ийгиликтүү болду. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына видео калтырды.

Айтымында, операцияны Казакстандын Тараз шаарында кыргыз кардиохирургу ачкан клиникадан жасатты.

"Көп убакыттан бери операция жасата албай жүргөм. Ийгиликтүү болуп кубанып жатам. Биринчи эле сиздер менен амандашып алайын дедим. Ден соолугума байланыштуу көп убакыт байланышта болгон жокмун. Клиникаларды караштырдым, Москвада көкүрөктү толук ачабыз дешти. Ал эми Түркияда көкүрөктү кеспей жасатса болорун, бирок 5-10 жылдан кийин операция жасатуу керек экен. Бул клиниканы мага бирөөлөр сунуштаган, ушул жакты тандап туура чечим кабыл алыптырмын", - деди ал.

Аида Салянованын сакайып кетишин каалап, жакшы сөзүн айткандарга мурдагы баш прокурор ыраазычылыгын билдирип, видео жарыялаганын белгиледи.

Эске салсак, 2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан Аида Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кире турган болгон.

Ошондой эле Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинде дагы тиешеси бар катары каралган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
29.08.2021. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Блин сен саткын барсыңбы жер бетинде?
29.08.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Pankration_MMA, ???? Сенин ойношун сатты беле?
30.08.2021. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA,Атаңы өлтүрдү беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: