Фонд тарабынан 1 миллион 161 миң сом бөлүнгөн. Талас районунда милиция кызматкерлери үчүн жаңы пункт ачылды






Таласта райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык пункту ачылып, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты. Милиция пункту Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 69-чакырымында жайгашкан.
Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага министрден тышкары, орун басары, тышкы иштер министри, президенттин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Талас ОИИБинин жетекчиси, "Алтын Альянс" компаниясынын өкүлдөрү, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары жана Талас РИИБинин башчысы өздүк курамы менен катышты.
"Министр Улан Ниязбеков "Бакубат Талас" өнүктүрүү фондуна Талас милициясына кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Аталган фонд милициянын аймактык пунктунун курулушуна 1 миллион 161 миң сом акча каражатын бөлүп берген. Бул аймактык пункт күнү-түнү иштеп Бекмолдо, Айдаралиев жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн калкын тейлейт. Анда жарандарды жана Таластын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул пунктта милиция кызматкерлери күнүгө иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын аткарышат", - дешти мекемеден.

