Садыр Жапаровдун Таластагы иш сапары. Өлкө башчы Манастын күмбөзүнө барып, спектакль көрдү






















29-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Талас облусундагы "Манас Ордо" улуттук комплексинде "Урааным Манас!" театрлаштырылган спектакли коюлду. Ага Садыр Жапаров катышканын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчы кыргыз элинин эң маанилүү тарыхый эпизоддорун, айкөл Манас, Алымбек Датка, Шабдан баатыр, Курманжан Датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн жана көз карандысыздыктын калыптанышына салым кошкон улуу баатырларды жана көрүнүктүү инсандарды чагылдырган чоң театрлаштырылган спектаклин көрдү.
Өз сөзүндө мамлекет башчы Манас эпосунда камтылган кыргыз элинин руханий баалуулуктарынын маанисин белгиледи.
Ал кыргыз элинин эгемендүүлүк тууралуу кыялдары жер соорусу атыккан Талас жергеси жана Манастын ыйык руху менен байланыштуу экенин кошумчалады.
Иш-чара ата мекендик эстрада өкүлдөрүнүн гала-концерти менен жыйынтыкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Спектакль Жапаров келет деп атайы уюшулуп коюлуп жатса, "спекталь корду" эле болот.