Парламенттик шайлоого катыша турган партиялар 3-сентябрга чейин билдирүү калтырыш керек
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планды бекитти. Ага ылайык, шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар билдирме жибериши керек. Бул туурасында борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
"Конституциялык мыйзамга ылайык, саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен шайлоого катышары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.
Жазуу жүзүндө билдирме жиберүүнүн акыркы күнү 3-сентябрь саат 18:00гө чейин", - деп айтылат билдирүүдө.

