super.kg logo

Бишкекте Болуш Мадазимовдун 85 жылдыгына арналган концерт өтөт

 
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 5-ноябрь күнү белгилүү комузчу Болуш Мадазимовдун 85 жылдыгына арналган концерт өтөт. Бул тууралуу 2-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Анда республикабызга белгилүү комузчулардын аткаруусунда Б.Мадазимовдун чыгармалары тартууланат. Болуш Мадазимов өзүнүн чыгармалары менен бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор Азияда да белгилүү комузчу болуп саналат. Анын аткаруусундагы ыр, күүлөрдү миллиондогон адамдар угуп келишет. Б.Мадазимовдун 85 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде Ош шаарында иш-чаралар өткөрүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: