Ала-Арча сейил багына эс алууга келип, бутун кокустатып алган кызга ӨКМнын кызматкерлери жардам берди
Чүй облусунун Аламүдүн районунда Ала-Арча жаратылыш сейил багына эс алууга келген кызга ӨКМнын кызматкерлери жардам берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган Ш.Б. аттуу кыз тоодо саякаттап жүрүп, бутун кайрып алып, жардам сурап кайрылган.
Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тоодон түшүрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.