super.kg logo

Швейцариянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп Оливье Бангертер дайындалды

 

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Оливье Бангертер дайындалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, министр Руслан Казакбаев Оливье Бангертерди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

"Тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты. Анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты. Мындан тышкары тараптар кыргыз-швейцар мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: