ЖЫЛНААМА, 30-АВГУСТ: Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, боксчу Орзубек Назаров 55 жашка толду
Мындан 55 жыл мурун дал ушул күнү бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин спортуна эмгек сиңген чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу Орзубек Назаров Кант шаарында туулган.
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 16 жашында СССР спортунун чебери, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Спорт сүйүүчүлөр арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин 4 жолку жеңүүчүсү, Европанын 2 жолку, СССРдин 3 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун 3 жолку байге ээси, 1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери болгон.
Профессионалдык рингде Япониянын 5 жолку чемпиону, Азия менен Океаниянын 6 жолку чемпиону, Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону болгон. Спорт сүйүүчүлөрү арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут менен). Ал өкмөттүк грамоталар, баалуу белектер, "Даңк" медалы менен сыйланган.
30-августка карата жылнаама.

