super.kg logo

Руслан Казакбаев Түрк академиясынын президенти менен жолугушту

 
Руслан Казакбаев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Дархан Кыдырали кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана күчтүү мамлекетти, адилеттүү коомду курууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.
"Түрк академиясынын президенти тышкы иштер министрине академиянын учурдагы иштери жана долбоорлору, жакынкы келечектеги пландары, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча маалымдады.
Кыргыз тышкы саясат мекемесинин башчысы Түрк академиясынын түрк дүйнөсүн изилдөө боюнча ишмердүүлүгүн жогору баалады жана боордош түрк тилдүү мамлекеттердин бай мурасын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун алкагында Түрк академиясынын кезектеги илимий эмгектери тартууланды: кыргыз тилинде жарык көргөн "Тагай бий" (Мухаммед Кыргыз), "Жамбыл Жабаев" (тандалган чыгармалар), ошондой эле тарыхый-маданий атлас "Түрк дүйнөсү". Түрк академиясынын Алматыда Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына жана Нур-Султанда Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү ниети талкууланды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: