Президент элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту



Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынани билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз мамлекетинде аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.
Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда өлкө тарыхый тандоосун 1991-жылдын ошол оор күндөрүндө, Советтер союзу мамлекет катары жок болуу алдында турган кезде, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациясы" тууралуу токтомду кабыл алуу менен өзүнүн эгемендүүлүгүн жана суверендүүлүгүн жарыялаганын баса белгиледи. Ошондон тартып Кыргыз мамлекети эл аралык укуктун толук кандуу катышуучусу жана субъектиси болуп калды.
Президент суверендүүлүк жана демократия жолун тандап алган Кыргыз өлкөсүнүн эгемендик мезгил ичиндеги жетишкендиктерин белгиледи.
Анын сөзү боюнча, оптималдуу өнүгүү моделин издеп, өлкө ар кандай сыноолорго кабылды, өйдө-ылдый жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар кандай деңгээлде таасирин тийгизди.
"Ошол оор шарттарда Кыргыз өлкөсү коомдогу пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, эл аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк үчүн, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди сактап кала алды.
2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргыз мамлекетинин экономикалык өсүү темпи 8,6 пайызга төмөндөдү. Азыркы учурда пандемия уланып жатат, бирок ага карабастан 2021-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык активдүүлүк акырындан калыбына келүүдө жана кээ бир тармактарда өсүш байкалууда.
Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекети 165 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 124 эл аралык уюмдун мүчөсү. Алар менен саясий диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн биз узак мөөнөттүү жана көп кырдуу кызматташууну жигердүү өнүктүрүп жатабыз", - деди Жапаров.

