super.kg logo

Кыргыз-Өзбек мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу маселесин талкуулашты

 

Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Телефондук сүйлөшүүдө эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле региондогу абалды талкуулашты.

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду келе жаткан Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоосу жана каалоолору үчүн Шавкат Мирзийоевге чын дилден ыраазычылыгын билдирип, өз кезегинде аны Өзбекстандын эгемендүүлүк мааракеси менен куттуктады.

Баарлашуунун аягында президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: