super.kg logo

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

 

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна министрлер кабинетинин төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн 1 талапкер – Айбек Жунушалиев катталган. Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна министрлер кабинетинин төрагасы жана Ош шаардык кеңешинин "Аманат" көпчүлүк коалициясы көрсөткөн 1 талапкер – Алмаз Мамбетов катталган. Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды.

Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Урматбек Самаев, азчылык коалициясы көрсөткөн Азат Кубатбек уулу катталган. Добуш берүүгө Токмок шаардык кеңешинин 31 депутатынын 30 депутаты катышты. Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: