super.kg logo

Бишкекте "Ынтымак" сейил багында жаңы заманбап милиция бөлүмүнүн ачылышы өттү

 

30-августта "Ынтымак" сейил багында заманбап милиция бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Бишкек ШИИББинин начальниги Азамат Ногойбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, "Шаардык сейил бактар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева, "Ассанабил" ККФнын президенти Али Абделкарим жана Октябрь райондук ИИБнүн начальниги Уланбек Аалиев, ошондой эле милиция кызматкерлери катышышты.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов белгилегендей, жаңы милиция бөлүмүнүн ачылышы жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тейленген аймакта тартип сакчылардын ыкчам ишине оң таасирин тийгизет.

Октябрь Урмамбетов "Ассанабил" фондунун президенти Али Абделкаримге жана "Шаардык сейил бактар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиевага борбордук милицияга болгон кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, салтанаттуу түрдө медалдар менен сыйлады.

Белгилей кетсек, жаңы милиция бөлүмү мүмкүн болгон укук бузууларга натыйжалуу жооп кайтарууга жана жакын жердеги "Ден соолук сейил багы", "Ынтымак", "Ынтымак-2" жана башка сейил бактардын аймактарында кылмыштуулукту алдын алууга мүмкүндүк берет. Андан сырткары, бул бөлүмдө милиция кызматкерлеринин жумуш ордуна эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, бөлмөлөр керектүү эмеректер жана техника менен камсыздалган жана видеокөзөмөл камералары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: