Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар уюштурулат?
Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын жарыялаганына 30 жыл толду. Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар уюштурулат?
Бишкекте:
- саат 19:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти;
- саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулу (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата, кыргыз-казак акындардын айтышы;
- 9:00дө Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат.
Ысык-Көлдө:
- Чолпон-Ата ат майданында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган “Көк бөрү” улуттук ат оюндары өтөт.
Ошто
- 31-августта саат 9:00дө Ош шаарынын Борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт.
Баткенде
- 31-августта саат 17:00дө Баткен шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт.
Буга чейин башка облустарда бир канча иш-чаралар өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.