Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө чет элдик жарандардын көп экени белгилүү болду. Милиция аларга зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоону сунуштады





Ички иштер министрлигинин жүргүзгөн мониторингине жана талдоосуна ылайык, Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында чет өлкөлүк жарандардын көп жүргөндүгү аныкталган. Буга байланыштуу ИИМдин кызматкерлери жана аймактык бөлүктөрү республика аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде жогорку окуу жайларда окуган студенттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"Кыргыз өлкөсү аркылуу Перс булуңундагы мамлекеттерге бара турган Пакистандын жарандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алар менен маектешүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту жана келген өлкөнүн жүрүм-турум эрежелерин сактоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткаруу керектиги эскертилди. Ошондой эле зарылчылык болбосо мейманканадан жана ижарага алган үйлөрдөн чыкпоо сунушталууда.
Ошондой эле бул иш-чаралар коомдук жайларда, базарларда жана башка жерлерде жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандар бизде транзит аркылуу жүргөндүгү жана алар Бириккен Араб Эмираттарына, Сауд Арабиясына кетишерин кабарлаган. Июль жана август айларында пакистандыктар тарабынан 7500 виза алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.