БШК шайлоо үгүт жараянына катышуучу маалымат каражаттарын каттоону баштады
Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө билдирүүлөрдү кабыл ала баштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, үгүт процессине катышуу үчүн маалымат каражаттары жана интернет басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш. 18-сентябрь аккредитациядан өтүүгө документтерди тапшыруунун акыркы күнү. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниети бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар белгиленген мөөнөттө тийиштүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп бериши зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.