super.kg logo

"Эпилепсиясы кармаган". Тамчы - Москва аба каттамы менен бара жаткан Кыргыз жараны каза болду

 

Тамчы - Москва аба каттамы менен сапарда бара жаткан жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, учак Новгород аймагына шашылыш түрдө конгон. Бирок аталган жаранды сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Маалыматты SUPER.KG порталына "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 29-август күнү болгон. Каза болгон адам Кыргыз жараны, ал болжол менен 50-51 жашта.

"Аталган Кыргыз жараны туугандары менен бирге Москвага учуп бара жаткан", - дешти аэропорттон.

Ал эми орус басылмаларынын маалыматына караганда, "Аэрофлот" авиакомпаниясына таандык учактын командири Новгород аймагында учуп бараткан маалда учактын бортунда эпилепсиясы бар адам бар экенин айтып, шашылыш конууга уруксат берүүнү суранган.

"20 мүнөт өткөндөн кийин учак конгон, аны жеринде "Тез жардам" кызматы кабыл алган. Мындай ыкчам реакцияга карабастан, дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: