super.kg logo

Клара Сооронкулова 100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн атайын кызмат тыңшап жүргөнүн айтып чыкты

 

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жана башкалар алардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылышууда. Бул тууралуу Клара Сооронкулова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Буга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаевдин өтүнүчү негиз болгону жазылат маалыматта.

"Телефондорубуз ушул жылдын 6-январынан бери тыңшалып келе жаткан. Көпчүлүгү бийликти сындагандар экен. Биз президент Садыр Жапаров бул фактыга тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартуусун талап кылабыз. Алардын ичинде ички иштер министри Улан Ниязбековду жана башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алууну, ал эми тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаев менен Биринчи Май районунун судьясы Ч.Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылабыз", - деп жазылат маалыматта.

Кайрылууга жактоочу Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева, Өндүрүш Токтонасыров кол койгон.

Бул билдирүүгө тиешелүү тараптар жооп берише элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: