Жусуп Абдрахмановго, Акматбек Сүйүмбаевге каза болгондон кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" даражасы ыйгарылды
Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмерлер Жусуп Абдрахмановго, Акматбек Сүйүмбаевге көзү өткөндөн кийин эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, мекенге жан аябас кызмат кылгандыгы үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Акматбек Сүйүмбаевге да жогорудагыдай наам ыйгарылды.

