Кыргыз желеги Түркиянын тарыхый Үчхисар сепилине илинди





Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүн белгилөө максатында Түркиядагы эң белгилүү туристтик аймактардын бири Каппадокияда Кыргыз Республикасынын туусу аба толтурулган шар менен асманга учурулуп, андан кийин тарыхый Үчхисар сепилине илинди. Бул тууралуу Кыргыздын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-август - Түркия Республикасынын Жеңиш күнү болгондуктан, Түркия Республикасынын туусу да чогуу учурулду.
Маалымат үчүн:
Каппадокия аймагы жаратылыш кооздугун бийиктиктен көрүү максатында уюштурулган туристтик аба толтурулган шарлары менен белгилүү. Aл жерде жанар тоолордон чыккан лавалардан табигый жолдор менен пайда болгон кооз дөңсөөлөр жайгашкан жана бул аймак 1985-жылы ЮНЕСКОнун маданият жана жаратылыш жаатындагы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген
Үчхисар тарыхый Каппадокия аймагында жайгашкан аска тоо. Рим империясынын учурунда адамдар Үчхисар сепилинин бооруна үйлөрдү, коргонуучу жана сыйынуучу жайларды оюп, душмандан коргонуу үчүн колдонушкан. Аталган сепил түрктөрдүн Селчук мамлекетинин доорунда 12-14 кылымда да пайдаланылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.