super.kg logo

Beeline кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, майрамдын урматына чет өлкөгө акысыз чалууларды жүргүзүүнү белек кылат

 

Мына минтип 23 жылдан бери Beeline Кыргызстандын туруктуу жана ишенимдүү оператору болуп келе жатат.

Компания дайыма коомдук долбоорлорго катышып келет, ошондуктан мына бүгүнкү Эгемендүүлүк күнүнө карата дагы чет өлкөгө акысыз чалууларды өз кардарларына белек кылат.

Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Beeline өзүнүн кардарларына Россия жана Казакстанда жашаган жакындарына акысыз чалууга мүмкүндүк түзүп берип жатат. "Чет өлкөгө акысыз чалуу" акциясы Beeline байланыш түйүнүндө жеткиликтүү.

Beeline компаниясынын операторлорунун коддорун компаниянын сайтындагы "Чет өлкөгө чалуу" бөлүмүнөн билип алууга болот. Пакет күнүгө түнкү саат 00:00дөн баштап иштеп саат 23:59га чейин иштейт.

Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн Beeline номерлерине чыгуу чалуулары бир сутка ичинде эсептелинет.

Акысыз чалууга жеткиликтүү болгон мүнөттүн калганын текшерүү үчүн эң жөнөкөй болгон төмөнкү сандарды терип чалуу кнопкасын басыңыз: *2021#.

Эске сала кетчү нерсе, бир күндө колдонулбаган акысыз мүнөттөр кийинки күнгө колдонууга берилбейт.

Ал эми акысыз мүнөттөр пакети түгөнгөндө сиздин тарифтик пландарга ылайык келген чет өлкөгө чалуу акысы иштеп баштайт. "Чет өлкөгө акысыз чалуу күндөрү" акциясы 1-сентябрга чейин уланат.

Beeline кыргызстандыктарды өлкөнүн улуттук биримдикти символика катары туткан өлкөнүн маанилүү болгон майрамы - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт. Биздин жаш өлкөгө өнүгүп-өсүүнү, ал эми жарандарга ден соолук, жетишкен жашоо жана тынчтык каалайбыз.

Сиздердин жана сиздердин жакындарыңыздарга камкордук көрсөтүү менен - Beeline!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: