super.kg logo

"Кайрадан мамлекеттик сыйлыкты 4 акын чогуу алып жатабыз". Азамат Болгонбаевге Эл акыны наамы берилди

 

"Эң негизгиси, сүйүнүп жатканымдын себеби Эмгек сиңирген артист наамын алганда дагы ушул төрт акын чогуу алганыбыз". Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамын алган төкмө акын Азамат Болгонбаевге байланышканыбызда айтты.

"Сыйлык алганымды эл катары бүгүн уктум. Албетте, бул чоң жоопкерчилик. Төкмө акындык - кыргыз өнөрүнүн сап башында турат.

Эң негизгиси, сүйүнүп жатканымдын себеби Эмгек сиңирген артист наамын алганда дагы ушул төрт акын (Аалы Туткучев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыров) чогуу алганыбыз. Кайрадан мамлекеттик сыйлыкты чогуу алып жатабыз. Бул дагы төкмөлүк өнөрдүн ырашкерлиги, бийиктиги деп ойлойм", - деди Азамат Болгонбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров бир катар маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу жарлыгына кол койду. Ага ылайык, 5 акынга Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: