super.kg logo

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Улукбек Марипов өз сөзүндө мекендештерди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, 30 жыл аралыгында өлкөдө чоң жетишкендиктер да, сыноо мезгилдери да болгонун белгиледи.

"Элибиздин бай тарыхынын, ийкемдүүлүгүнүн жана акылмандыгынын аркасында биз көптөгөн сыноолорду жеңе алдык. Биргелешип жалпы аракеттер менен биз бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз деп ишенем. Өлкөнүн элинин көптөгөн муундарынын талыкпаган эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө – тарыхын, маданиятын жана өзгөчөлүгүн сактап калган эгемендүү мамлекет", - деп айтты ал.

Марипов кошумчалагандай, республика прогрессивдүү өнүгүү жолунда турат.

"Биздин өлкөнүн келечеги кең, бул үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Бул биздин эркиндикти сүйгөн жана эмгекчил элибиз, бул улуу тарых жана, албетте, биздин жаштык. Өлкөдө ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн адамдык жана экономикалык ресурстар жетиштүү. Биз Кыргыз Республикасы экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин бирине айланышна болгон аракетибизди жумшайбыз. Биз үчүн канчалык оор болбосун баарыбыз башкы байлыгыбыз – өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактоо үчүн аракет кылышыбыз керек", - деп белгиледи Улукбек Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: