super.kg logo

Владимир Путин кыргыз элине куттуктоо телеграммасын жөнөттү

 

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Владимир Путиндин куттуктоосу президенттик апараттын сайтына жарыяланды.

"Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жарыяланышынын 30 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин мамлекеттер ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлде өнүгүүдө. Маңыздуу саясий диалог, ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү жолго коюлган. Бул биздин боордош элдин кызыкчылыктарына толук жооп берип, Евразия мейкиндигинде тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыздоо нугунда жүрүүдө", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук, ийгилик, ал эми кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: