super.kg logo

Таяк тартыш, кыргыз күрөшү. Баткенде майрам спорттук иш-чара менен өтүүдө (сүрөт)

 

Бүгүн, 31-августта Баткенде Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттук иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев мелдешке катышып жаткан катышуучулар менен жолугушуп, өлкөнүн эгемендикке жеткен күнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

"Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл жаштарды, жалпы катышуучуларды спортту сүйүүгө жана спорт менен жашоого үндөдү. Мындан сырткары облус башчысы спорттун теннис жана гира көтөрүү түрү боюнча өзү да катышып үлгү көрсөттү.

Бүгүн борбордук стадиондо спорттун беш түрү боюнча мелдеш уюштурулган. Анда катышуучулар улуттук кыргыз күрөшү, аркан тартыш, таяк тартыш, шахмат, гира көтөрүү боюнча мелдешет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: