super.kg logo

Клара Сооронкулованын телефон сүйлөшүүлөрдү атайын кызмат тыңшап жатат деген кайрылуусуна Биринчи Май райондук соту жооп берди

 

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жана башка активисттер алардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылып чыккан. Бул боюнча бүгүн, 31-августта Биринчи Май райондук соту маалымат таратты.

"2020-жылдын октябрь айында болгон баш аламандыктар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү өтүнүчүн берген. Бул өтүнүчтү кароодо ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы жана Башкы прокуратуранын прокурору катышкан. Ал эми сот тарабынан процессуалдык бузуулар болгон эмес. Тергөөчү судьядан атайын иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксат сурап, ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысынын өтүнүчүн канааттандырган. Ишти тергеп жаткан судья өз ыйгарым укуктарынын алкагында өтүнүчтү канааттандырган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: