4 жыл мурда 10 тонна, быйыл 4 тонна. Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарынын тургундары калтырган таштанды
31-августта Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгына 30 жыл толду. Бул датага карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт уюштурулуп, салют атылды.
Ар жылы дал ушул күнү майрамдык иш-чара бүткөн соң аянттан тонналаган таштанды чыгарылат. Аны калаанын тазалыгы үчүн кам көргөн "Тазалык" ишканасы ишке ашырып келет.
SUPER.KG порталы акыркы төрт жыл ичинде 31-августта аянттан чыгарылган таштандыларга саресеп салып көрдү.
2018-жылы Бишкекте Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган иш-чарадан соң аянттан 10 тоннага жакын таштанды чыгарылган. Тазалоо иштери түнкү саат 02:00гө чейин уланган.

2019-жылы Эгемендүүлүк майрамдан кийин аянттан 16 тонна таштанды чыккан. Ошондой эле майрамга карата "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таң атканга чейин нөөмөткө туруп, иш алып барышкан.
Жалпы тазалоо иштерине 80 кызматкер, 4 кызматтык унаа тартылган. Мындан сырткары тазалыктын алдын алуу үчүн 50 даана желим контейнер, 6 даана евроконтейнер орнотулган.

2020-жылы борбордогу "Ала-Тоо" аянтында дал ушул майрамда эки тонна таштанды чыгарылган. "Тазалыктын" 24 кызматкери жана үч бирдик атайын техника тартылып, таң аткандан түнгө чейин иштешкен.

Ал эми быйыл, 31-августта аянттан төрт тонна таштанды чыкты. Бул жылы аянтка шаар тургундары адаттагыдай эле концерт жана майрамдык салют көргөнү келишти.



1 |