Бишкектеги "Жеңиш" аянтында палоо жасоо боюнча сынак уюштурулду





Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка карата иш-чара "Жеңиш" аянтында өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Шаардыктар үчүн ата мекендик өнөрпоздордун концерти уюштурулду. Борбордук кафе-ресторандар арасында эң мыкты палоо жана тамак жасоо боюнча сынак уюштурулду. Шаардыктар майрамдык таттуулардан даам татышты. Майрамдын коноктору сүрөт көргөзмөлөрүнө, көркөм сүрөт боюнча мастер-класстарга күбө болушту. Ошондой эле "Менин Эгемендүү Кыргызстаным!" аталышындагы асфальтка сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.