super.kg logo

Клара Сооронкулованын телефон сүйлөшүүлөрдү атайын кызмат тыңшап жатат деген кайрылуусуна ИИМ жооп берди

 

Буга чейин "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жана башкалар алардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылып чыгышкан.

Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөөчү судьядан атайын иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксат сурап, ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысынын өтүнүчүн канааттандырганын билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматынан дагы көп өтпөй бул билдирүүгө төмөнкүчө жооп беришти.

"Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин Башкы прокуратура мындан аркы иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына тапшырган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешелүүлөрдү, ага катыштыгы барларды, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар менен мүмкүн болгон байланыштарды дагы аныктоо максатында Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, тергөө тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна 2021-жылдын 6-январынан 10-февралга чейинки убакытта телефондук сүйлөшүүлөрдү бириктирүүнү жүргүзүү жөнүндө сунуштама жиберилип, ал канааттандырылган.

Көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин бул атайын тергөө аракеттери тергөө тарабынан жүргүзүлгөн эмес жана сот анын убактысын узарткан эмес. Конституцияга ылайык, ар бир жаран жашыруун жазышууга, телефон менен сүйлөшүүгө жана башка пикир алмашууга укуктуу. Бул укуктардан чектөө бир гана мыйзамга ылайык, соттун актысы менен гана жүргүзүлөт. Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: