1-сентябрдан тарта Орусиянын окуу жайларындагы бюджеттик орундарга документтер кабыл алына баштайт
1-сентябрдан тарта 2022-2023-окуу жылына карата Орусиянын окуу жайларына акысыз билим алууга документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Орусиянын окуу жайларында билим алууну каалагандар 1-ноябрга чейин "EDUCATION IN RUSSIA" порталына документтерин жүктөп, каттоодон өтүшү керек.
Документтерди тапшыруу эрежелери менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет жерде жашаган мекендештердин иштери, эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Фейсбуктагы баракчасынан таанышууга болот.
"Орусия өкмөтүнүн окуу жайларга бөлгөн квотасы боюнча бюджеттик орундарга талапкерлерди тандоо Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет жерде жашаган мекендештердин иштери, эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан эч кандай ортомчуларсыз жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Суроолорду abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасына жөнөтүүгө болот.

