БШК өлкөнүн тарыхындагы шайлоолор жөнүндө сүрөт көргөзмө уюштурду





Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШК имаратынын алдында жана фойеде Кыргыз өлкөсүнүн шайлоолорунун тарыхына арналган архивдик сүрөт материалдар жайгаштырылды.
Иш-чарада 30 жылдын ичинде өлкө менен бирге Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумунда дагы чоң өзгөрүү болгону белгиленди.
Конституция мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана аны шайлоолордо жана референдумдарда ишке ашырат деп аныктайт.
Республиканын жаңы Конституциясында демократиялык эркин шайлоолордун маанилүү принциптери чагылдырылган. Шайлоолор аркылуу шайланма органдар жана жогорку кызмат адамдары легитимдешет, ал эми референдумдарда жалпы элдик добуш берүү менен өлкө тутумунун эң маанилүү маселелери чечилет.

