Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сиздерди Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Асманыбыз бүркөлбөй, түндүгүнөн күн нуру чачыраган кызыл байрагыбыз бийиктиктерде желбирей берсин. Өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, кыргыз эли кырсыктардан алыс болсун. Көп улуттуу мамлекетибизде биримдиктин ыры ырдалып, наристелердин кубанычтуу күлкүсү ар дайым жаӊырып турсун.
Кыргыз өлкөсү бардык улут өкүлдөрү биримдикте жашаган куттуу өлкө. Андыктан, мекенибизди сүйөлү жана аны көздүн карегиндей сактайлы.
Мамлекетибиз биз үчүн ыйык, атадан калган таберик экенин эстен чыгарбайлы. Мекен жүгүн көтөрүү ар бир азаматтын милдети. Биздин күчүбүз-биримдикте жана ынтымакта", - деп жазылат спикердин куттуктоосунда.

