Баткенде айыл чарба продукциялары жана улукттук аспаптар көргөзмөсү өттү





Бүгүн, 31-август Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган Баткен шаарындагы өтүп жаткан салтанаттын официалдуу бөлүгү көрүнүктүү жана коомдук, саясий ишмерлердин эстеликтерине гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров, депутат Айнура Аскарова жана облустук, райондук жана шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери кыргыз элинин жана кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө опол тоодой салымдарын кошкон улуу инсандардын айкелдерине таазим этип, гүлчамбар коюшту.
Андан соң Баткен облусунун район-шаарлары тарабынан уюштурулган айыл чарба продукциялары жана улуттук аспаптар көргөзмөсүнө катышты.
Көргөзмөдө кыргыз элинин улуттук аспаптары: комуз, ооз комуз жана жыгачтан жасалган кол өнөрчүлүктөрү, атагы алыска жеткен Лейлек килеми, улуттук тамак-ашы жана өрүкзарлуу Баткендин өрүгү, өрүктөн жасалган суусундуктар, Баткен күрүчү коюлган.

