super.kg logo

Улукбек Марипов: "Жаш муун өз потенциалын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биз жаштардын потенциалын ачуу, алардын инсан катары калыптанышына бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Жаштарга инвестиция салуу керек. Бул келечекте жаштарды аймактарды жана жалпы өлкөнү башкаруу жана өнүктүрүү процесстерине интеграциялоо үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Бул форум прогрессивдүү жаштарды өнүктүрүүнүн, пикир жана сунуштарды алмашуунун натыйжалуу аянтчасы болсун", - деп билдирди ал.

Ош шаарында өтүп жаткан форумга Кыргыз мамлекетинен, Азербайжандан, Казакстандан, Түркиядан жана Өзбекстандан келген жаш делегаттар, активдүү жаштар катышты.

Форумдун максаты – аймакты жана жаштар саясатын өнүктүрүү алкагында тажрыйба алмашуу, аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин боордоштук жана достук мамилесин чыңдоо.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун ачылыш аземине катышты.

Белгилей кетсек, жаңы окуу корпусунда кесиптик медициналык билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Корпус эң алдыңкы жабдуулар, уникалдуу электрондук китепкана, ошондой эле практикалык билимди бекемдөө үчүн окуу-медициналык тренажерлор менен жабдылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: