super.kg logo

Ошто өткөн көк бөрү оюнундагы сыйлыктар боюнча нааразычылык тууралуу облустун өкүлчүлүгү үн катты

 

Бүгүн, 31-августта Ош облусундагы Төлөйкөн айылындагы ипподромдо көк бөрү боюнча түштүк аймагындагы командалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Ошто өткөн көк бөрү оюнундагы сыйлыктар боюнча нааразычылыктар тууралуу билдирүү таратышты.

"Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 70 миң сом каражат бөлүп, Көк бөрү федерациясынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө тапшырылган.

Өкүлчүлүк тарабынан бөлүнгөн каражатты жеңүүчүлөргө бөлүп берүү Көк бөрү федерациясына милдеттендирилген. Бүгүн оюндан кийин 1-орунду ээлеген Кара-Кулжа жана 2-орунду ээлеген Өзгөн районунун командасынын мүчөлөрү байгеде айтылган суммадан тапшырылган сумма аз экенин айтып, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновго кайрылышкан. Зиядин Жамалдинов нааразы болгон улакчыларды жана Көк бөрү федерациясынын облустагы өкүлдөрү менен жолукту.

Жыйынтыгында Көк бөрү федерациясынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу иштеринде кемчиликтер кеткени аныкталды. Аталган федерациянын облустагы өкүлү эртең улакчыларга байгеде айтылган сумманы толугу менен тапшырат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.08.2021. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеп алганго ьироосу
31.08.2021. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күнөөкөрлөр табылып,жазасын алсын!Кыргызстан ушундай акчаны"кымтып алмайлардын" айынан өнүкпөй жатабыз.
Камалса да эл каршы болбойт.
31.08.2021. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билинбей калса жеп коёом деп ойлошконго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: