super.kg logo

"Катуу ылдамдык, мас абалда унаа башкаруу, рулда уктап кетүү". Баткенде айдоочуларга практикалык жардам көрсөтүлүүдө

 

Баткен облусунун кызматкерлерине жол коопсуздугун камсыздоо боюнча практикалык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, эл аралык, шаар аралык жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочулар топтолгон жерлерде жана район борборлорунда, авто бекеттерде айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Аталган облус аймагында ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан жол-транспорт кырсыктарынын эң негизги себептери катуу ылдамдык, мас абалда унаа башкаруу, рулда уктап кетүү менен адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыктары болуп жатканы эскертилүүдө.

"Баткен облусунун аймагында 25-августтан тартып ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери Баткен облусундагы кесиптештери менен биргеликте жүргүнчүлөрдү ташууда укук бузууларга, жол эрежесин одоно бузган айдоочулар арасында, жеке менчик минивендер менен эл ташыган унаалардын жана кичи автобустардын катышуусунда жол кырсыгынын алдын алууга багытталган практикалык жардам көрсөтүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.09.2021. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенде жол эрежеси көп бузат. Келип текшерип турсаңар жакшы болмок. Өзүм Баткенден болом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: