Балыкчыда дайынсыз болуп жаткан 6 жашар кыз Чүйдөгү айылдардын биринен табылды



Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында дайынсыз болуп жаткан 6 жашар кыз Чүйдөгү айылдардын биринен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Балыкчы ШИИБине Чүй облусунун Новопокровка айылынын тургуну кайрылып, анын 6 жашар кызы дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирген.
"Арыз ээсинин айтымында, Балыкчы шаарынан анын 6 жашар кызы дайынсыз болуп жоголгон. Аталган арыз Балыкчы ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө ыкчам иштеринин жүрүшүндө, кызды алып кеткен келиндин аты-жөнү аныкталган. Ал туруктуу жашаган жери жок 24 жаштагы С.К. аттуу келин болуп чыккан. Андан аркы издөө иштери улантылып, кызды алып кеткен келин Чүй облусунун Спартак айылында жүрүшү мүмкүн экени айтылган. Кызматкерлер аталган айылды кыдырып жүрүп кызды үйлөрдүн биринен тапкан. Дайынсыз болуп изделип жаткан кыз энесине аман-эсен милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.



1 |