super.kg logo

Анкара шаарында Манастын айкели тургузулду

 

31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркиянын Анкара шаарында айкөл Манас баатырдын эстелиги тургузулду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Манастын айкели Кечиөрен районунун борбордук майданында тургузулган.

Анын ачылышына Түркия президентинин администрациясынын өкүлдөрү, Кечиөрен районунун мэри, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана коноктор катышкан.

Кыргыздын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Манас айкелинин тургузулушу боордош эки элдин түбөлүк достугунун символу болуп каларына ишенерин билдирген.

"Түркия Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө. Ал эми бул аракеттер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты, биримдикти жана ынтымакты жаңы баскычка көтөрөт. Манас айкелин тургузууга салым кошкон бардык Түрк жана Кыргыз жарандарына, демилгени колдогон өлкө башчылары Режеп Тайип Эрдоган жана Садыр Жапаровго өз ыраазычылыгымды билдирем", - дейт ал.

Ал эми Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок "Манас" эпосу адамзаттык баалуулуктарды камтыган дүйнөдөгү эң узун эпос экендигин белгилеп, элди биримдикке, бир туугандыкка чакырган.

Белгилей кетсек, аталган айкелдин автору таланттуу скульптор Саадабек Ажиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.09.2021. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкектеги Манастын эстелигинен жакшы болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: