super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бир айылдын атын өзгөртүш үчүн 4 айдан бери комиссиянын курамы түзүлбөй койду" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну кайрылып, Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин ишине нааразычылыгын билдирди.

"Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги деген мекеме бар. Ал жерде жетекчи, анын эки орун басары жана башка кызматкерлери иштейт. Бир айылдын атын өзгөртүш үчүн 4 айдан бери комиссиянын курамын беките албай келет. Борбаш айылын Кайрагач деп өзгөртүп жатканбыз.

Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги деген комитет өзү керексиз эле орган окшойт. Мамлекет бекерчи пайдасыз эле органдарды багып келип жатат", - деди жергиликтүү тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.09.2021. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрагач деп эле тим коюшса болмок, Борбаш деп өзгөртсө башка уруунун өкүлдөрү капа болот да, айылдын аталышын бир уруунун атына өзгөртүү негизинен жакшы эмес.
01.09.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baktiyar731,Жаңылыкты толук окуп чыгып коммент жазсаңар,Кайрагач деп өзгөртөйлү деп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: