Владислав Шулико: "Бул иш-чараны мыкты деңгээлде чагылдырып бердиңиздер"




Буга чейин 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күн ичинде сүзүп өтүп, рекорд койгон. Бүгүн, 1-сентябрь күнү аталган иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу максатында Шулико жана уюштуруучулар маалымат жыйын берүүдө.
Суучул Владислав Шулико сөзүн жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирүү менен баштады.
"Бул иш-чараны мыкты деңгээлде чагылдырып бердиңиздер. Бүгүн маалымат жыйында сиздерди көрүп турганыма кубанычтамын", - деп кыскача гана сүйлөдү.
Ал эми уюштуруучулардын бири "Дасмия" компаниясынын директору Турусбек Мамашов өз кезегинде өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.
"Эгерде президент бизди өзү колдобосо, бул масштабдуу иш-чара болбойт болчу", - деп билдирди ал.
Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталган. Владислав Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.

