Суучулдун машыктыруучусу: "Гиннесстин рекорддор китебине" билдирүү жөнөтүү оюбуз бар"
Буга чейин 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күн ичинде сүзүп өтүп, рекорд койгон.
Бүгүн, 1-сентябрь күнү аталган иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу максатында маалымат жыйын берүүдө.
Ага суучул Шулико, уюштуруучулардан Турусбек Мамашов, президенттин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев жана суучулдун тренери, дарыгери катышууда.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө суучул Владислав Шуликого карата журналисттер тарабынан суроолор берилди.
Анда "сүзүп өтүү үчүн эмнеге Ысык-Көлдү тандадыңыз, травма алган жоксузбу, бул рекордду Гиннесс уюмуна берүү пландары барбы" дегеле сүзүп өтүү учурундагы сезимдери тууралуу суроолор берилди.
Анда Шулико өз өлкөсүнүн патриоту экенин айтып, Ысык-Көлдө сыймыктануу менен сүзгөнүн билдирди.
Ошондой эле олуттуу травма албаганы белгилүү болду.
Гиннесс уюму боюнча тренер Александр Кузнецов буларга токтолду: "Биздин "Гиннесстин рекорддор китебине" билдирүү жөнөтөбүз деген оюбуз бар. Албетте, бул маселе каржы маселесине барып такалат. Эгерде арабызда колдоо көрсөтөм деген ишкерлер болсо кубанычтабыз (күлүп). Бул масштабдуу иш-чара ачык булактар тарабынан маалыматтар берилип жатты, түз эфир болду, бардык далилдер жетиштүү", - деп билдирди ал.
Ошондой эле машыктыруучу мындай окуя Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу өтүп жатканын баса белгиледи.

