super.kg logo

Суучул Владислав Шулико: "Кыргыз өлкөсүнөн эч жакка кетпейм"

 

Буга чейин 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күн ичинде сүзүп өтүп, рекорд койгон.

Бүгүн, 1-сентябрь күнү аталган иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу максатында маалымат жыйын болуп өттү. Анда суучул Шуликого жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан кийинки кадамдары, максаттары тууралуу суроолор берилди.

"Мен көлдү узунунан сүзүп өтөм дегенде алгач эч ким ишенген эмес. Бардыгы бул мүмкүн эместигин айткан. Бирок кыялдар орундалат. Менин кийинки максатым Азия чемпиондугуна катышуу", - деп билдирди ал.

Мындан сырткары Шуликонун келечектеги жубайы Орусиянын жараны экенин айтып, Кыргыз өлкөсүнөн кетүү оюңуз жокпу деген дагы суроолор берилди. "Мен Кыргыз өлкөсүнөн эч жакка кетпейм" деп жооп берди спортчу.

Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталган. Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: