Убадаланган суммадан аз болуп калган. Оштогу көк бөрү мелдешинде жеңишке ээ болгон командалар алган байгесине нааразы болушууда
Кечээ, 31-августта Ош облусунда өткөрүлгөн көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште алдыңкы орунду ээлеген командалар алган байгелерине нааразы болушуп, облустук администрациянын имаратына чогулушту. Андагы видеону Орозбек Шарабидин уулу аттуу жаран ютуб каналына жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште биринчи жана экинчи орунду алган "Кара-Кулжа" жана "Көлдүк" командалары алган байгелери мелдештен мурда айтылган байге суммасынан бир топ аз болуп калгандыктан нааразычылыгын билдирип чыгышкан.
Андагы оюнчулардын айтканына караганда, мелдештин байге фондуна 500 миң сом бөлүнгөнү айтылган. Тактап айтканда, 1-орунду алган команда 250 миң сом, 2-орунду ээлегендер 150 мин сом, ал эми 3-орунду алгандар 100 миң сом байге алышмак. Бирок мелдеш аяктаган соң 1-орунга 90 миң, 2-орунга 63 миң, ал эми 3-орунга 27 миң сом гана тапшырылган. Ошондой эле 4-орунга делген 50 миң сомдук байге берилген эмес.
Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Ош облустук администрациясы бөлгөн 170 миң сом каражаттын 100 миңи гана байге катары командаларга бөлүнгөн.
"Биз бир айдан бери ар кайсы жактан аттарды ижарага алып келип даярданганбыз. Балдар айтылган байгеге кызыгып келишкен. Бир жумадан бери бул жакта аттарды чөп-жем сатып алып багып жатабыз. Оюндар аяктагыча бир командага кеткен чыгым эң аз дегенде 150 миң сомду түзөт. Бизди да түшүнгүлө да. Балдардын эмгегин баалагыла", - деп билдирген команданын өкүлдөрүнүн бири.
Ал эми Ош облусундагы Көк бөрү федерациясынын жетекчиси министрлер кабинетинен жана облустук администрациядан бөлүнгөн 170 миң сомдун 70 миңи калыстар курамына, оюндагы улакты сатып алууга жана Кубокторду алууга кеткенин билдирген.
Командалардын нааразычылыгына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси да күбө болгон.








1 |