"Жашоо шарттары кейиштүү...". Британиялык элчи кыргыз эли жөнүндө күндөлүк жазды






Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Чарльз Гарретт "Silk Road Mountain Race 2021" аталышындагы вело жарышка катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
16 күндүн ичинде ал Нарын облусунун бир катар аймактарын кыдырып, сезимдери менен бөлүшүп, позитивдүү маанайдагы билдирүүлөрдү калтырган. Анда ал Кыргыз өлкөсү жана анын эли жөнүндө оюн билдирген.
"Биз кайда гана барбайлы дайыма меймандос, пейили кенен, биз менен маектешүүгө кызыкдар адамдарды жолуктуруп жаттык. Вело жарыш мендей дипломат үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болду, бул тажрыйбамды өз ишимде колдонууга аракет жасайм", - деп жазган ал.
Ал эл аралап жүрүп чоң шаарлардын четинде жашаган элдин турмуш-шартын, миграция тууралуу дагы кеп козгогон.
"Өздөрү жашаган жер кичинекей болсо дагы, бизди жайгаштырууга макул болгон малчылар мени таң калтырды. Ооба алардын жашоо шарты кейиштүү.
Биз тыныгууда токтоп турган маалда, жолдошу менен жубайы үйдөн нан, каймагын алып чыгышты. Кошуналар дагы бизге кошулуп, айыл чарба тууралуу кеп козгодук. Бул өлкөдө миграция өтө күч алган. Жаштар өз жеринде жумуш таба албай, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болушат", - деп жазган ал.





1 |