ИИМ өлкө аймагында диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен учурдагы Ооганстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн аймагында социалдык тармактарда таралып жаткан ар түрдүү диний-экстремисттик маанайдагы чакырыктарга, постторго, кайрылууларга каршы туруу жана алардын алдын алуу максатында жалпы коомчулуктун арасында түшүндүрүү, агартуу иш-чаралары уюштурулууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад, Ош, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек, Ош шаарынын аймактарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик дин иштери комиссиясынын, Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын, жергиликтүү диаспоралардын, аксакалдар жана аялдар кеӊешинин, жаштар комитетинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык активисттердин жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда диний экстремизмдин алдын алуу максатында жолугушуулар, семинар, тегерек столдор, кеңешмелер өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдар жана алардын өзгөчүлүктөрү тууралуу баяндамалар жасалып, видео тасмалар көрсөтүлүп, экстремисттик, террордук жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

