"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Айылдын атын өзгөртүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан иштер жүрүүдө" дешти тийиштүү мекемеден
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну кайрылып, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин ишине нааразычылыгын билдирип, бир айылдын атын өзгөртүш үчүн 4 айдан бери комиссиянын курамы бекитилбей жатканын айткан.
Жогорудагы маселе боюнча Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигине байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Борбаш айылынын өкүлдөрүнө маселе мыйзам чегинде регламенттин негизинде чечилери тууралуу маалымат берилген.
Агенттик документтерди эле даярдайт. Чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат.
Администрациялык аймактык маселелер Жогорку Кеңеш кабыл алынган мыйзамдар менен аныкталат. Айылдын аталышын өзгөртүү үчүн мыйзам долбоору агенттик тарабынан иштелип чыгып, мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өткөрүлгөндөн кийин министрлер кабинетинин токтому менен жактырылып Жогорку Кеңешке киргизилет. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана жобо министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет. Агенттик тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документтер министрлер кабинети аркылуу мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп жатат", - деп билдиришти аталган агенттиктен.

