super.kg logo

Улукбек Марипов менен Кувейттин эмиринин кеңешчиси эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги боюнча сүйлөшүштү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кувейт мамлекетинин эмиринин кеңешчиси, БУУнун башкы катчысынын атайын кеңешчиси жана эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Абдулла Маатук Аль-Маатукту кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгынын келечегин, анын ичинде Кувейт тараптын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы маселени талкуулашты.

Абдулла Маатук Аль-Маатук кыргыз элин маанилүү окуя – өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, республикага мындан ары гуманитардык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Улукбек Марипов Кувейт тарапка Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында ооруканаларды, билим берүү жана социалдык объектилерди куруу сыяктуу ар кыл социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөндүгү, өлкөнүн калкынын аярлуу катмарын колдоо боюнча иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кувейт тарапты Ош шаарына онкологиялык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин карап чыгууну сунуштады.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоо зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: