super.kg logo

"Эгемендүүлүк күнүнө туура келип калды". Коргоо министри Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчысы менен жолукту

 

Кыргыз өлкөсүнүн коргоо министри Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-сентябрда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась менен жолукту.

Өмүралиев өз сөзүндө бул жолугушуу Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендигинин 30 жылдык датасына туура келип отурганын белгилеп, мамлекетке колдоо көрсөтүп келе жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

"Ошондой эле Коргоо ведомствосунун башчысы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана анын уставдык органдарынын кезектеги отурумуна киргизилүүчү мамлекеттер арасындагы документтердин долбоорлорунун процедураларын өз убагында аяктоого Коргоо министрлиги даяр экендигин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: